Тажик аскерлери кыргызстандык жаранды кармап кетишти
RU

Тажик аскерлери кыргызстандык жаранды кармап кетишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-сентябрда Тажикстандын УКМК кызматкерлери Кыргызстандын жаранын кармап кетишкен. Бул тууралуу Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаштык айылынын 1995-жылы туулган тургуну Уразбек Мирзоев кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Мирзоев Тажикстандын кичи автобусунда аялы менен болгон. Ал Худжанд-Канибадам жолунда Жигдалик айылына бара жатканда кармалган.

Мирзоевдин кармалышы боюнча жубайы Кыргызстандын чек арачыларына билдирген.

Бүгүн, 27-сентябрда Чек ара кызматынын Баткен облусунун өкүлү жана Согди өкүлдөрүнүн жолугушуусу пландалууда. Жолугушууда кыргыз жаранынын кармалышынын мыйзамдуулугу, ошондой эле аны кыргыз тарапка өткөрүп берүү талкууланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3681