Мадеминов: Беш премьер-министр 18,9 миллион сомдук чучук жештиби?
RU

Мадеминов: Беш премьер-министр 18,9 миллион сомдук чучук жештиби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 19-августунда Чолпон-Атада өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын чыгымы 18,9 млн. сомду түзгөн. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Амангелдиевдин айтымында, министрдин кабинети июль айында Ысык-Көлдөгү резиденцияда конференц-залдын курулушу жана жабдуулары үчүн каражат сураган. Иш-чараны даярдоого жана өткөрүүгө 18,9 миллион сом сарпталды.

"Тагыраак айтканда, премьерлер келип бир күндүн ичинде 18,9 миллионду жештиби?" - деп сурады депутат Мурадыл Мадеминов. Ал акчаны дагы эмнеге жумшалганын, ким эмне жеп-ичкенинен бери эсептеп берүүнү суранды.

Улан Примов жолугушуунун тийиштүү деңгээлде өтүшү үчүн шарттар түзүлүшү керек деген пикирге кошулду.

"Жолугушуу 19-августта болду, силер документтерди бекитүүгө бүгүн гана алып келдиңер. Жогорку Кеңеш 1-сентябрда иштей баштаган. Эмнеге айдын аягында келесиңер?" - деп сурады министрдин орун басарынан.

"Булар жооп беришпейт. Акчаны эмнеге короткону боюнча маалымат беришсин... Урматтуу министрлер кабинети, элге чыксаң эле депутаттар күнөөлүү, биз чимкириктербиз, биз баарын жеп салабыз. Бизде айлыгыбыздан башка акча жок. Акчаны иштеткен силерсиңер. Беш премьер-министр келип элдин 18,9 миллион сомуна чучук жешти туурабы? Эми ошол акчаны мыйзамдаштырып берүүнү суранып жатасыңыр. "Премьер-министр кесиптештери менен жолугуп, ушунча акча коротту деп айталы биз да!" - деп Мадеминов ачууланды.

Амангелдиев министрлер кабинети комитетке такталган маалыматты берет деп жооп берди.

Эске салсак, өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3684