Атамбаев сот залына келди. Бирок баары бир процесс кийинкиге жылдырылды
RU

Атамбаев сот залына келди. Бирок баары бир процесс кийинкиге жылдырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 27-сентябрда, Бишкектин Биринчи май сотунда 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуялары боюнча иштин кезектеги сот отуруму өттү.

Сот залында айрым соттолуучулардын адвокаттары жок болчу. Ошого байланыштуу процесс 29-сентябрь күнкүгө, саат 14:00го жылдырылды.

Эске салсак, 2021-жылдын 14-апрелинде төрагалык кылуучу Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевге карата соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Буга байланыштуу сот иши белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Өткөн жумада иш кайрадан жаңыланып, бирок эксперттер Атамбаевдин ден соолугунун абалы боюнча корутунду бере алышкан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3689