Владимир Фролов: Кыргызстанга экинчи барбайм, тойгуздуңар
RU

Владимир Фролов: Кыргызстанга экинчи барбайм, тойгуздуңар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык экономист Владимир Фролов Kaktus.media'га интервью берип, өзүнүн дарегине айтылган кара пиар, Улуттук Банктын мурунку төрагасы Толкунбек Абдыгулов, Саматбек Ибраевдин уулу жана Кыргызстандын келечеги жөнүндө айтып берди.

Фроловдун айтымында, учурда ага чегинен ашыра кара пиар төгүлүп жатат, аны криминалдуу адам катары көрсөтүшүүдө.

Мен жөнүндө жазылып жаткандардын бардыгы далилдениш керек, дейт ал.

"Сингапурда бир-эки жыл мурун биргеликте финансы тармагында иш ачканбыз. Ал жакта криминалга байланышкан мекеме ачуу мүмкүн эмес. Сингапурдагы структура эң катаал, талаптарды өтө катуу коюшат. Финансы компаниясына катыштыгыңыз болсо, радикалдуу текшерүүлөр жүрөт. Мен мындай текшерүүдөн өткөм. Демек, мен абийири таза адаммын мен жөнүндө эч кандай негатив жок. Ошондуктан биздин компания Gold Blocks биргелешкен ишканага кирди. Акциялардын үчтөн бир бөлүгү бизге таандык", - дейт Фролов.

Мен АКШнин мамлекеттик парламентинин чакырылган коногу болгом. АКШга конок катары чакырылсаң, бул президенттен кийинки экинчи статус болуп саналат. Анда да киши толук текшерилет.

"Кара пиар, анын ичинде Кыргызстанда да болгон негативдүү маалымат олуттуу кесепетин тийгизди. Мен силердин мамлекетиңерге жөн эле Фролов катары эмес, мен репутациясында кынтыгы жок, абройлуу адам катары барган болчумун. Силердин жетекчилик Кыргызстандагы авиациялык иштерди өнүктүрүү үчүн менин күйөө баламды кызматташууга чакырыптыр. Мен бул боюнча аны менен сүйлөшкөнүмдө "Үй-бүлөбүздүн бир мүчөсүн болушунча боктоп салышты. Сиз башкаларын да ошондой кылышын каалап жатасызбы? Кечиресиз мен бул сунушка макул болбойм", деп айткан. Силер кара пиар менен өзүңөрдүн өлкөңөрдү катастрофага түртүп жатасыңар", - деди экономист.

Абыдгулов жөнүндө кеп кылып, эч ким аны менен кара пиардын алкагында кайым айтышууга кирбейт, деди.

"Анын бир тыйындык баркы жок. Билгениме караганда, учурда чоң макалалар даярдалып жатыптыр. Менин оюм боюнча Абдыгулов компетенттүүлүгү төмөн киши. Анын айтымында, дүйнөнүн бир да мамлекетинин борбордук банкында юридикалык жана физикалык жактардын баалуу буюмдары сакталбайт. Ибраев үч мисал келтирди: Англиянын банкы, АКШ жана Кытай. Ушул үч монстр деп эсептелген өлкөлөрдө сактоочу жайлар башка максаттар үчүн колдонулат. Бул айткандар (Абдыгуловдун сөздөрү Kaktus.media эск.) калп, жалган сөз. Абдыгулов Улуттук Банктын жетекчиси болбой калды, эми аны менен эч кимдин иши болбойт", - дейт Фролов.

"Мен чет элдик жаранмын, экинчи силердин өлкөңөргө барбайм, тойдум. Батыш эксперттерине кайрылсаңар алар мен берген концепция үчүн миллион доллар сурашмак. А мен бекер, бир тыйын сурабай, өзүмдүн акчама келгем. Анан эмнени көрүп жатам? Жалаң кара пиар жана мени боктогондук. Силерге башка эч ким барбайт. Өз көйгөйлөрүңөр менен өзүңөр алек болуп жата бергиле. Мен мындан ары Кыргызстандагы саясий уюштуруучулук менен, башкача айтканда, мыйзам актыларын жазуу менен алектенбейм. Мен силерге жардам берейин дегем, концепцияны жана Салык кодексинин долбоорун өткөрүп берип, Ибраевдин суранычы менен бир сом сурабай баргам. Акыры эмне таптым? Башыман ылдый боктодуңар!", - деп Фролов сөзүн улантты.

"Мына азыр анын баласын кеп кылып жатышат (Саматбек Ибраевдин уулун Kaktus.media эск.). А силер билесиңерби эмне болгонун? Ал билбестигинен акчанын бардыгын криптовалютага салып, каражатынын барын жоготуп алды. Эми азыр Ибраев кримианлдуу финтех менен салгылашып жүрөт. Башка үй-бүлөлөр да ушундай абалга түшүп калбасын деген ой менен. Анткени ошол окуядан кийин анын үй-бүлөсү бүт жоготкон. Ибраев менен сүйлөшкөнүмдө, Кыргызстанга жардам бергиси келгенин көрүп, макул болгон элем да", - деп экономист баса белгиледи.

Анын айтымында Кыргызстанда 134 микрокредиттик компаниялар бар, ошолор калкты жакырдантты.

"Бишкектин борборунда эле канча финансы пирамидасы бар карагылачы. Эмне үчүн Улуттук Банк аларды жок кылган жок? Эмнеге Finiko компаниясы жарандардан 17,7 млн сом уурдап алды? Бул 10-августка карата маалымат. Силер кара пиарыңар менен өз өлкөңөрдү түбөлүккө жакыр мамлекетке айландырдыңар. Ал эми мени такыр эле криминалдык фигура кылып салыпсыңар. Мен жашоомду кылчайып артка караганымда, уяла турган бир ишим жок.

Бир депутатыңар мени аферист деп жатат. Анын далили барбы? Мага карата козголгон иштер барбы? Мен керек болсо бир да соттук иш боюнча күбө болуп да өткөн эмесмин.

Өзүмдү өтө абройлуу адаммын деп эсептейм, а мени бул жакта боктоп жатасыңар. Кыргызстан үчүн мыйзам чыгаруучу долбоорлорду экинчи жазбайм. Бул ишти өз жашоомон чийип салдым. Болду жетишет!", - деди Фролов.

Ошону менен катар, ал финтех боюнча мыйзамды колдоону сунуштады. Анын пикири боюнча, ошондо гана Кыргызстан финансылык хабга айлана алат.

Андан тышкары Фролов Кыргызстанды кандай коркунучтар күтүп жатканын айтып берди.

"Региондогу таза суунун жарымы силерде. Климат уламдан-улам кургак боло баштады. Күчтүү мамлекет болмоюн жайыңарга коюшпайт. Силерден ошол сууну тартып алышат. Суу бардыгына керек. Мына суунун айынан Тажикстан менен да конфликт болдуңар. Бирок бул башы гана. Ошондуктан тез арада күчтүү мамлекет болушуңар шарт. Ал эми күчтүү мамлекет бай болуш керек. Ал үчүн салтуу экономиканы гана эмес, башка тармактарды да өнүктүрүү зарыл. Эгер силер маалыматтык технологияларды өнүктүрүп баштасаңар... "Электрондук өкмөт" боюнча ири ядро бар, силерге программисттер керек, алар келет, мага окшоп кара пиарга кабылышат, эки айдан кийин оокатын чогултуп кетип калышат", - дейт Фролов.

Алсыз өлкө болсоңор мамлекеттүүлүгүңөрдү сактай албайсыңар. Мамлекеттүүлүктү сактап калуу үчүн экономикалык жактан күчтүү держава болуу шарт. Калганы өзү келет.

"Силердин калк билимдүү, силердин өкмөткө Сингапурдагыдай чет элдик министрлер керек эмес, бирок эксперттерге абадай муктажсыңар", - деп экономист сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3748