Депутат Самат Ибраевдин уулуна издөө салынган. Ал компанияларга 500 млн сом карыз
RU

Депутат Самат Ибраевдин уулуна издөө салынган. Ал компанияларга 500 млн сом карыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраев өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыгы үчүн дагы деле изделүүдө. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Бишкектин ИИБси билдирди.

Бишкекттин ИИБси берген маалыматка ылайык, Данияр Ибраеге карата ачылган кылмыш иши токтотула элек. Ибраев эл аралык издөөгө салынган. Иштин материалдары Баш прокуратырага жөнөтүлүп, алар шектүүнү экстрадициялоо маселеси менен алектенүүдө.

Эске салсак, мындан мурун борбордук милиция "Строймир" ЖЧКсынын генералдык директору 1992-жылкы Данияр Саматбекович Ибраев 2018-жылдын декабрь айынан тартып 2019-жылга чейин курулуш арматурасын жеткирип келем деген шылтоо менен жети кишинин акчасын алган, деп билдирген. Алынган каражаттын жалпы суммасы 507 млн 352 миң 49 сом.

2019-жылдын 24-декабрында Данияр Ибраев алдамчылыкка шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилген, жана ошол эле күнү Бишкектин Свердлов райондук соту ал жок болсо деле (заочно) камакка алуу чарасын чыгарган. 2019-жылдын 26-декабрында ага эл аралык издөө жарыяланган, анын ичинде Интерполдун линиясы боюнча дагы. 2020-жылдын 28-февралында София шаарында (Болгария) камакка алынып, Кыргызстанга экстрадициялоо процесси башталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3730