"Уялчаак" депутат Камчыбек Жолдошбаев кайрадан депутат болууга ниеттенүүдө
RU

"Уялчаак" депутат Камчыбек Жолдошбаев кайрадан депутат болууга ниеттенүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев депутаттык мандат үчүн кайрадан шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Ал өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары арыз берди. Бул тууралуу БШК кабарлады.

Жолдошбаев Бишкектеги No26 Ленин районунан добуш алуу үчүн аракеттенет.

Эске салсак, Кыргызстанда 36 округ бар, алардын ар биринде талапкерлер көрсөтүлүшү мүмкүн. Округ боюнча шайлоого катышуу үчүн документтер 2021-жылдын 13-октябрынын саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Камчыбек Жолдошбаев депутаттар менен алардын жардамчыларынын коомдук транспорттон түшкөнүн көргөндө "Уялганынан баш кийимди көзгө чейин баса кийип алам" деп айтканы бар. Анткени ошол учурда Жолдошбаев жеке машинасын айдап жүргөн. Мындан тышкары, 2021-жылдын январындагы инаугурациясында башка кишини ашатып сөккөнү видеого тартылып калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3786