Ka4eli Fest концерти учурунда көрүүчүлөр телефондорун сахнага ыргытышкан (видео)
RU

Ka4eli Fest концерти учурунда көрүүчүлөр телефондорун сахнага ыргытышкан (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тамби менен Рустам сахнага чыкканда көрүүчүлөр селфи жасап берүүсүн суранышкан. Ырчылар макулдугун бергенде сахнага телефондор ыргытыла баштаган.

Алгач Тамби селфи тартып, гаджеттин ээсин табууга аракет кылган. Андан кийин элге кайрылып, ушундай кылбагыла деп суранды. Бирок көрүүчүлөр анын тамашасын такыр башкача түшүнүп, артисттерге шарфтарын, чехолдорун, телефондорун ыргыта башташкан (болжол менен 10-12). Кимдир бирөө автограф алуу үчүн блокнотун ыргыткан. Бардык буюмдарды, анын ичинде телефондорду дагы уюштуруучулар кайра көрүүчүлөр тарапка ташташкан.

Соңунда Тамби менен Рустам көрүүчүлөр менен селфи жасап, бардыгынан уят сөздү көрсөтүүну суранышкан.

Эске салсак, 10-октябрда Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо Miyagi & Andy Panda, Truwer, The LIMBA, Тамби & Рустам ж.б. катышуусунда музыкалык фестиваль өтмөк. Бирок, аба-ырайына байланыштуу концерт 11-октябрга жылган. Концерт саат 15:00до башталмак. Киши көп келгендиктен көпчүлүк көрөрмандар иш чарага 2-3 сааттан кийин гана кире алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3871