Мушкер Рафаэль Физиев дагы бир билдирүү жасады
RU

Мушкер Рафаэль Физиев дагы бир билдирүү жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

UFC мушкери Рафаэль Физиев кайрадан кыргызстандыктарга кайрылды.

Буга чейин мушкер мындан ары Кыргызстандын желеги астында чыкпай турганын айткан. Мындай чечим кабыл алуусуна анын дин тутуу укугуна карата Кыргызстан муфтиятынын жана кээбир дин лидерлеринин кийлигишүүсү себеп болгонун белгилеген.

Бир күндөн кийин ал: "Кыргызстанда мени чын жүрөктөн колдогон көптөгөн адамдар бар экенин түшүнөм. Ал үчүн рахмат айтам. Мен жөн жерден шылтоо издеп, бирөөнү таарынтайын деп, же бир нерсени далилдегим келген үчүн эмес, бүтпөгөн баткактан чарчап кеткеним үчүн кетип жатам. Эгерде мен кайсы бир өлкөгө жабышпасам, убакыттын өтүшү менен ылай азаят. Спорт искусствосунун жана менин бизнесимдин чыныгы күйөрмандарына айткым келет! Мен бул тармакта мындан ары да сиздердин колдооңуздар менен өзүмдү көрсөтүүнү токтотпойм" - деп катталуучуларына жана күйөрмандарына кайрылды.

Эске сала кетсек, Күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Бекбоев Instagram баракчада Рафаэль Физиевди диний негизде мазактаган комментарий калтырган. Рафаэль да ага ылайык катуу жооп берген. Бул кызуу талкууну жаратып, ага кээ бир диний лидерлер да кошулган. Кийин бул билдирүү жана бардык комментарийлер өчүрүлгөн.

Рафаэль Физиев жакында UFCден 14-орунду ээлеп, алдыңкы эң мыкты 15 мушкердин катарына кирген. Акыркы беттешин, тагыраагы 7-августта америкалык Бобби Грин менен өткөрүп, UFC 265те жеңишке жеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3929