Депутат Махабат Мавлянова шайлоого катышуудан баш тартты
RU

Депутат Махабат Мавлянова шайлоого катышуудан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-октябрдагы жыйын учурунда, Жогорку Кеңешке бир мандаттуу округ боюнча депутат болуудан баш тарткан төрт талапкердин арыздарын карады.

Арыздар төмөнкү талапкерлерден келип түшкөн:

  • Мавлянова Махабат Эргешовна ( №16 Ноокен району).
  • Исакулов Жылдызбек Абдилахатович (№29 Свердлов району).
  • Курманалиев Акыл Курманбекович (№24 Сокулук району).
  • Абдылдаев Тынчытбек Кубатович (№19 Токтогул району).

Эске салсак, парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система менен (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмеси боюнча), бирдиктүү шайлоо округу боюнча шайланат. Дагы 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округунда мажоритардык система боюнча шайланат. Бардыгы болуп Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышында 90 депутат болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3952