"Бул сыйлык өткөн замандын калдыктары". Курал Чокоев министрликтин чечимине жооп кайтарды
RU

"Бул сыйлык өткөн замандын калдыктары". Курал Чокоев министрликтин чечимине жооп кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мадаият министрлиги Курал Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" деген наамын артка чакыртып алды. Ырчы бул көрүнүшко жеке пикирин билдирди.

"Урматту туугандар! Министрликтин чыгарган чечими боюнча комментарий берип кетейин. Мага бул "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белгиси эч кандай маани бербейт. Эгерде каалашса, мен бул значокту жана кагазды колдоруна барып карматам. Бул министрликтин жана министрдин компетенттүү эместиги. Бетке чабар болуп турат. Биз светтик, демократиялык мамлекетте жашайбыз. YouTube каналымда каалаган нерсемди жасасам болот. Мен үчүн маанилүүсү - элдин оюу, пикири. Ошондуктан мен видеону өчүрдүм, долбоорду уланткан жокмун. Ал эми сыйлыктын эч кандай пайдасы жок, аты эле бар. Мен муну өткөн замандын калдыктары, деп ойлойм. Эгер эл чындыгында жакшы көрсө, Instagram, YouTube каналга кошулуп деле көрө берет", деди Курал Чокоев.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактагы кыргызстандын сегментинде жарандар Курал Чокоевдин "В пи#ду звезду" деп аталган тамашалуу көрсөтүүсүнө нааразы болушкан. Көрсөтүү хейт-шоу болчу (россиялык "Прожарка" же "Что было дальше" сыяктуу), анын маңызы: чакырылган конокту шылдыңдоо (негизинен атамекендик эстрада жылдыздары). Интернет колдонуучулар катышуучулардын жалаң сөгүнгөн сөздөргө жанга уят нерселерге негизделген тамашасын сынга алышкан. Андан кийин Курал Чокоев долбоорду жаап, видеолорду өчүрүп, жарандардын алдында кечирим сураган. Бирок Маданият министрлиги анын сыйлыгын артка чакыртып алуу чечимин кабыл алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/396