Транспорт башкармалыгы маршруттун айдоочуларын маданиятка үйрөтөт
RU

Транспорт башкармалыгы маршруттун айдоочуларын маданиятка үйрөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шаардык транспортту башкаруу башкармалыгы маршруттун айдоочуларынын арасында кардарларды мыкты тейлөө сынагын жарыялайт. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар берилет. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына башкармалыктын жетекчиси Максат Нусувалиев айтып берди.

Андан тышкары, айдоочулардын маданиятын жогорулатуу үчүн аларды түрдүу иш чараларга чакыруу пландаштырылууда.

"Маданият кечелерин өткөрөбүз. Учурда шаардык маданият башкармалыгы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кезеги менен айдоочуларды театрга, концерттерге жиберебиз. Бизде 1,5 миң айдоочу бар, бары ар башка. Биринин үйүндө көйгөйү бар, бири келинчеги менен уруша кетти, башкасында жумушунда конфликт болуп жатат. Жумуштан кийин кичине эс алыш керек. Биз сүйлөшүп, аларды мамлекеттик иш чараларга жөнөтүп турабыз, бирок бюджеттин эсебинен эмес. Иши жок отургандан көрө, жок дегенде аракет кылып көрөлү", - деп Нусувалиев айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3994