Тойдо мергенчилик мылтыгынан ок чыгарган
RU

Тойдо мергенчилик мылтыгынан ок чыгарган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда өткөн үлпөт тойдо жаштардын бири мергенчилик мылтыгынан асманга эки жолу ок чыгарган. Бул учурдагы видеону Мурсалов Ислам өзүнүн баракчасына жарыялаган.

Видео кече эртең менен тартылганы белгилүү болду. Автордун профилине караганда, ал Чүй облусунда жашайт. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, колдонуучу видеолорду өзүнүн баракчасынан өчүрүп койгон.

Белгилей кетсек, Кылмыш кодексине ылайык, эл жашаган аймактарда ок атууга тыюу салынган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы азырынча бул маалыматка комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4046