COVID-19дун төртүнчү толкуну башталат. Карантин киргизилеби?
RU

COVID-19дун төртүнчү толкуну башталат. Карантин киргизилеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Учурда грипптин жана КРВИнин күчөп турган мезгили. Бирок эпид. деңгээлине жете элек. Биз жума сайын мониторинг жүргүзүп, кырдаалга көз салып турабыз", - деп Kaktus.media редакциясына Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин директору Султан Абдыкадыров айтып берди.

Анын айтымында, ноябрда COVID-19дун күчөшү күтүлүүдө, бирок локдаун киргизүүгө азырынча негиз жок.

"Эпидемия толкун сымал жүрүп отурат. Эгер былтыркы жылга салыштырсак, экинчи толкуну ноябрга туш келип, андан кийин түшө баштаган", - деди ал.

Абдыкадыровдун айтымында, РФте локдаун жарыялоого чыңалган кырдаал себепкер болду. Ал жакта күндө 30 миң жаңы учур катталып, миңге чукул жаран каза болууда.

"Азырынча бизде абал туруктуу, карантин киргизүү маселеси көтөрүлгөн да жок. Акыркы кезде КРВИ менен кайрылгандардын саны көп, басымдуусу 14 жашка чейинки балдар. Алар ооругандардын 90%ын түзөт. Бирок дагы бир жолу кайталап кетейин, бул жөн гана сезондук оору", - деп директор кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4052