Россиялык режиссер издеп жаткан кыргызстандык курьер жигит табылды
RU

Россиялык режиссер издеп жаткан кыргызстандык курьер жигит табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандык курьер Кайратбек Нурбол уулу табылды. Аны "На близком расстоянии" тасмасын тарткан россиялык режиссер Григорий Добрыгин издеп жүргөн. Бул тууралуу аталган фильмдин баш каарманын ойногон актриса Ксения Раппопорт Instagram баракчасына жазган.

Ал санааркап жаткандардын бардыгына ыраазычылык билдирип, рахматын айтты. "Достор! Сарысанаа болгондордун бардыгына сүйүнчү - Нурбол табылды! Ура! Кечээ Художественныйга (кинотеатр) келгендердин бардыгына рахмат. Дагы бир жолу бет ачарыңар менен куттуктайм", - деп актриса жазып, Нурбол менен очгу түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

Белгилей кетсек, 28-октябрда, "На близком расстоянии" тасмасы прокатка чыгат. Анда убагында популярдуу болгон актриса Инге үйүнө мигрант курьерди киргизип алганы тууралуу айтылат. Башкы ролду Ксения Раппопорт аткарган. Режиссеру Григорйи Добрыгин. Ал эми курьердин ролун реалдуу жашоодо да курьер болуп иштеген кыргызстандык Кайратбек Нурбол уулу аткарган. Эмнегедир россиялык актерлор аны өзүнүн атынан эмес, атасынын атынан Нурбол деп атап алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4054