Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссёр издеп жатат
RU

Россиялык тасмага тартылган кыргызстандык курьерди режиссёр издеп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-октябрда "Жакындагы аралык" тасмасы прокатка чыгат. Тасмада убагында популярдуу болгон актриса Инге үйүнө мигрант курьерди киргизип алганы тууралуу айтылат. Кинонун премьерасы 32-"Кинотаврдын" негизги конкурсуна өткөн.

Тасмада башкы ролду Ксения Раппопорт ойногон. Режиссёру Григорий Добрыгин. Алар орус маалымат каражаттарына Кайратбекти чыныгы курьердик кызматтан тапканын айтышкан.

"Курьердин ролун актёр аткарган жок. Бирок, бул тасмага тартылгандан кийин актёр деп аталып калды", - деп айтты Добрыгин "Кечки Ургант" программасынын эфиринде. - Мен тамак-аш жеткирүүчү компаниянын курьерлери байланышкан чатка кирип калдым. Ал жерде 3 миңге жакын адам бар экен. Ошол жактан Кайратбек Нурбол уулун көрүп, мен издеген бала ушул экен дедим. Агенттен ага жазууну сурандым. Көпкө чейин байланыша албай жүрүп, анан жолуктук"

Раппорттун айтымында, режиссёр биринчи жолугушууда Кайратбек менен максималдуу аралыкты сактоону суранган.

Баардык баарлашуу кадрдагы байланыштар менен эле чектелген. Менин оюмча, ал менин фильмдерде ойногонумду такыр көргөн эмес окшойт, жада калса аны ким менен киного тартылып жатканы да кызыктырган жок. Ал бат эле актёрдук чеберчилигин көрсөтө баштаган, ушул багытта өнүгүп жатканын байкагам, ал тургай башка жактарга окууга кетет деп ойлогом",- деди ал.

.

Режиссер Нурбол тасмага тартылгандан кийин (эмнегедир жигитти атасынын аты менен аташат экен) жоголуп кеткен. Алар Кайраттан жооп берүүсүн суранышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3998