Жүргүнчүнү сабаган делген таксист окуя боюнча өз версиясын айтып берди
RU

Жүргүнчүнү сабаган делген таксист окуя боюнча өз версиясын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Какtus.media сайтынын редакциясына жүргүнчүнүсүн ур-токмокко алган деп айыпталып жаткан айдоочу келди. Ал окуянын башка версиясын айтып берди.

Наталья Мартынюктун версиясын бул жактан окусаңыз болот:

Эскерте кетсек, "Яндекс Go" жүргүнчүсү Наталья Мартынюк Жукеев-Пудовкин жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде таксист тарабынан сабалганын билдирген.

Айдоочу мындай дейт: "Мен эки пункт көрсөтүлгөн буйрутманы алып, кардарга келдим. Ал машинага отурганда саламдаштым, бирок, аны менен сүйлөшкөн жокмун. 1,5 км.дей жол жүргөндөн кийин ал 2-3 кап дан алып кетүү керек деди. Мен баш тарттым, анткени машинаны жаңы эле жуудургам. Аял буюртмадан баш тартууну каалады. Мен жүргөн жол үчүн 143 сом сурадым. Анын 39 сому көрсөтүлгөн жерге баруу (посадка) үчүн, 100 сому кочкул (фиолетовая) зонага төлөм (буюртмада бош унаалар жок аймактар ошондай түс менен белгиленет), калган сумма жол үчүн болуп чыкты. Бирок, кардар төлөөдөн баш тартып, качып кетүүгө аракет кылган".

Анын айтымында, буюртмада кардардын эки пункту бар экени көрсөтүлгөн, бирок жүк көрсөтүлгөн эмес.

"Мен жөн гана анын жол кире акысын төлөсүн дедим. Таксисттер көп учурда эки пунктка буюртма бергенде алданып калышат. Башкача айтканда биринчи пункттан кардар күтүп турууну суранып, анан акчасын төлөбөй жоголуп кетет.

Бул жолу тыгын болуп, кардарга 1,5-2 км жол жүрүп келгем, аны алып дагы ошончо жол жүрдүм. Ушундан кийин ал акчасын бербей качып кетүүгө аракет кылган. Бул суммага такси кызматынын акысы жана бензин кирет. Төлөшүн талап кылып, аны кармап калдым. Бирок, мен ал айткандай сабаган эмесмин.

Таксисттин айтымында, кардар агасына телефон чалып чакырган.

"Агасына телефон чалып, мени камерага тарта баштады. Көп убакыт тарткан видеосунан үзүндүсүн гана журналисттерге тараткан. Агасы келип, мага кол салды. Экөө менден машинанын ачкычын тартып алышты. Мен 102ге чалып, ошондон кийин милиция аркылуу ачкычты кайтарып алдым. Бөлүмдө алар мага каршы арыз жазышты, мен аларга каршы. Көгөргөн жерим жок болсо да медициналык текшерүүдөн өттүм",- дейт таксист.

Бир сааттан кийин мени "Яндекс Go" кызматынан бошотуштуп, менин айдоочу катары кызматтык тиркемедеги каттоом алынып салынды. Бирок, аларда кардарды кайда, качан, кайсы убакта алып кеткеним тууралуу маалыматтар жана менин техникалык колдоо чакырууларым бар болушу керек.

Таксист жумуштан бошотулгандыгы үчүн сотко кайрылмакчы (айдоочу системада бөгөттөлгөн жана мындан ары буюртмаларды аткара албайт. - Kaktus.mediaнын болжолу менен).

"Мен бул иш боюнча юридикалык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен Бишкек шаарындагы "Яндекс Go" филиалына кайрылдым. Алар баш тартышты. Негизинен менин жумуштан алынганымды мыйзамсыз деп эсептейм жана сотко берем", - деди ал.

Таксист кардардын жолдошу дооматтардан баш тартуу үчүн такси компаниясынын жетекчиси аркылуу акча сураганын айтууда. "Мага жүргүнчүнүн күйөөсү акча берсең арызды алып салабыз деп айтышты. Эмнеге төлөшүм керек? Мен төлөбөйм", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4074