Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин камакта болот
RU

Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин камакта болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алдамчылыкка шектелген блогер Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин камакта болот. Мындай маалыматты Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы таратты.

Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 27-октябрындагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Гүлзат Алымкуловага (Гүлзат Мамытбек) карата 2021-жылдын 25-ноябрь,саат 21:30 мүнөткө чейин камакка алуу чарасы тандалды.

Блогер Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алынды.

Эске салсак, буга чейин укук коргоочу органдарга 7 жаран кайрылып, Мамытбекти алдамчылык жасады деп айыпташкан. Алардын айтымында, ал "кыска мөөнөттө укмуш акча табасың" деген убадарды берип, ишенчээк адамдардын акчасын алып, милдеттенмелерин аткарган эмес. Зыян келтирүүнүн суммасы 110 миң сом.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4086