Кыргызстан-Оман беттеши 0:1 эсеби менен аяктады
RU

Кыргызстан-Оман беттеши 0:1 эсеби менен аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-октябрда, Бишкек убактысы боюнча саат 18:50дө,Кыргызстандын футбол боюнча 23 жашка чейинки курама командасы Оман курама командасы менен беттешти. Бул Азия Кубогу-2022 тандоо оюндарынын экинчи беттеши.

Кыргызстандын курама командасынын курамы:

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Оман менен беттешип, 0:1 эсеби менен аяктады

Беттештин калыстар тобу:

  • Талаадагы калыс: Торик Мунир Алкатири (Индонезия).
  • Жардамчылар: Бангбанг Самсудар (Индонезия).
  • Али Таджарак (Кувейт).
  • Резерв: Алиреза Фагани (Иран).

Беттештин расмий трансляциясы болгон жок.

"Кыргызстан үчүн жеткиликтүү расмий уктурууларды бербегени баарыбызды капа кылды. Бирок, биз расмий эмес булактарга да кайрылабыз. Шилтемелер пайда болгондо дароо бөлүшөбүз. Телефондон түз эфир болбойт, анткени Бул АФКнын расмий мелдеши жана мындай нерселерге жол берилбейт, аны бузганы үчүн команда жазаланат. Эрежелерди так аткарышыбыз керек. Сураныч, түшүнүү менен мамиле кылыңыз!" - деп жазган Кыргызстандын футбол союзу.

Биринчи тайм 0:0 эсебинде аяктаган

.

Беттеш 0:1 эсеби менен аяктады. Акыркы мүнөттөрдө Кыргыз курама командасынын дарбазасына гол киргизилди.

Кийинки матч Индия менен 31-октябрда болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4089