Райымбек Матраимовдун өкүл баласы талапкерлердин тизмесинен чыгарылды
RU

Райымбек Матраимовдун өкүл баласы талапкерлердин тизмесинен чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Сайпидинов Мунарбек Акимжановичти шайлоого аттанган "Азаттык" демократиялык партиясынын тизмесинен чыгарды.

БШКнын 9-ноябрдагы жыйынында шайлоо процесси бөлүмүнүн башчысы Т.Айтикеев талапкер өз каалоосу менен аны тизмеден чыгаруу боюнча арыз жазганын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 11 мүчөсү Сайпидиновду шайлоодон четтетүү үчүн талкуусуз добуш берди.

Эске сала кетсек, Мунарбек Сайпидинов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун окул баласы. Буга чейин ага Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин башчысы болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда аткарылган иштердин көлөмү 1 миллион сом ашыкча көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. Сайпидинов бул объектти начар курулган боюнча пайдаланууга кабыл алган.

Кийинчерээк Ош шаардык сотунун судьясы Сайпидиновго козголгон кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ишин токтоткон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4245