Аялын парковкадан сабаган эркек киши камакка алынды
RU

Аялын парковкадан сабаган эркек киши камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин интернет желесине аялына кол көтөргөн эркектин видеосу жарыяланган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү колго түшүрүлдү. Маалыматты Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Шектүү катары 1993-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылып жатат деп мекемеден кошумчалашты.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталган.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарга Бишкектеги унаа токтотуучу жайлардын биринде аялын сабаган эркектин видеосу тараган. Видеодо аял киши качып бара жатканына карабай аны башка муштуму менен соккон эркекти көрүүгө болот.

Милиция кийинчерээк ал жаранга карата кылмыш иши козголгонун билдирип, алар аялы-күйөөсү экенин тастыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4265