Садыр Жапаров иш сапары менен Стамбулга учуп кетти. Делегациянын курамы (тизме)
RU

Садыр Жапаров иш сапары менен Стамбулга учуп кетти. Делегациянын курамы (тизме)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-ноябрда Садыр Жапаров иш сапары менен Стамбулга учуп кеткенин президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Ал "Санариптештирүү доорундагы жашыл технологиялар жана акылдуу шаарлар" деген темада Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) мамлекет башчыларынын сегизинчи саммитине катышат.

Кыргызстандын башчысы Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Венгриянын лидерлери менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү талкууланат.

Маалым болгондой, Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр бар:

  • Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • Кыргызстандын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
  • Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов;
  • Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
  • Энергетика министри Доскул Бекмурзаев.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4273