Балбан кыз Калмира атты мыкты чаптырганын күйөрмандарына көрсөттү. Видео
RU

Балбан кыз Калмира атты мыкты чаптырганын күйөрмандарына көрсөттү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КМШ оюндарынын чемпиону Калмира Билимбек кызынын Баетов айылында ат минип, аны чапкандагы видеосу интернет колдонуучулары тарабынан талкууга алынып, көпчүлүктү суктантты.

Балбан кыздын күйөрмандары "Мыкты", "Жаңыл Мырза", "Кээ бир жигиттерге караганда атты тын минте экенсиз!", деп комментарийлерди калтырышкан.

Видеону Калмира Билимбек кызы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. Видеодо балбан кыз күлүк жана жорго аттарды минип, аргымактарды чапкан.

Калмира Билимбек кызы август айында Орусиянын Уфа шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда күмүш медалга ээ болгон. Көп өтпөй эле, тагыраагы сентябрь айында балбан кыз Казань шаарында өткөн КМШ оюндарында алтын медаль тагынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4284