Эркин Салымбеков 100 млн төлөп камактан бошотулду
RU

Эркин Салымбеков 100 млн төлөп камактан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК ата-мекендик айыл-чарба продукциясын экспорттоо тармагындагы коррупция фактысы боюнча иликтөо иштерин улантууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору маалымдады.

Буга чейин Айыл-чарба министрлигинин чиновниктери, анын ичинде министрдин орун басарларынын бири менчик бизнестин өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, сыртка ташып чыгарууга уруксат берүү үчүн айыл-чарба продукциясын экспорттоочулардан акча өндүрүп турушкан.

УКМК министрликтин чиновниктерин жана менчик компаниянын ээси С.Э.ни камакка алды. Андан тышкары салык төлөөдөн качуу факытлары аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектелүүчү С.Э. УКМКнын дептозиттик эсебине 100 млн сом которгон. Келтирилген кесепеттин толук көлөмү текшерүүдөн кийин аныкталат.

Муну эске алуу менен Бишкектин Биринчи май райондук соту жазага тартуу чарасын сыртка чыкпоо тил катына өзгөрттү.

Тергөө уланууда.

Белгилей кетсек, Э.С. жеке маалыматтар билдиргендей - Эркин Салымбеков. Эркин Салымбеков - Мамытбай Салымбековдун уулу - 12-октябрда УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. 14-октябрда соттун чечими менен 2021-жылдын 6-декабрына чейин камакка алынган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4322