Дастан Бекешев: Мен Садыр Жапаровдун душманы эмесмин. Таза шайлоо жок
RU

Дастан Бекешев: Мен Садыр Жапаровдун душманы эмесмин. Таза шайлоо жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекеше таза шайлоо жок деп билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасына жазган.

Бекешевдин айтымында, шайлоочулар менен жолугушууларда президент таза жана айкын шайлоо өткөргөн киши катары тарыхта калгысы келет деп айтып, бардык жерден талапкерлердин, партиялардын жана шайлоочулардын милдети бул иште ага көмөктөшүү деп түшүндүрүп келгем.

"Мен өзүм ЖКнын жыйынында андан кийин кат жүзүндө сунуштарды киргизип, элеткрондук капчыктын жардамы менен добуштарды сатып алууну алдын алса боло тургандыгын айтып бергем. Мен эч качан далили жок, же жөн эле туруп президентке сын айткан эмесмин. Массалык маалымат каражаттары аркылуу ага жакпай турган фактыларды айтсам керек: анын уулу партиялардын бирин көзөмөлгө алгысы келгендигин, анын шайлоо фондунун калыптанышы тууралуу ж.б. Бирок мен Садыр Жапаровго душман эмесмин. Билип туруп, унчукпай койгондор, чалынып жыгылышын күткөндөр - душмандар", - деп Бекешев белгиледи.

Тилекке каршы, мени душман көрүп, мага каршы административдик ресурс колдонула баштады.

Депутаттын айтымында, УКМК ага каршы Кылмыш кодексинин 194-берененин негизинде иш козгогон, анда мындай деп жазылган:

Талапкердин, саясий партиянын талапкеринин же референдум өткөрүү боюнча демилгечи топтун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, алардын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн төмөнкүдөй жолдор менен жасаган аракеттери:

  • шайлоо фондуна, референдум фондуна түшпөгөн каржы же материалдык каражаттарды шайлоо өнөктүгүн өткөрүү же референдумду өткөрүү демилгесин жылдыруу максатында ири өлчөмдө пайдалануу;
  • шайлоолор жана референдумдар жөнүндө мыйзамдарда тыюу салынган жана атайын шайлоо эсебине, референдум фондусунун атайын эсебине которулган кайрымдуулук каражаттарын ири өлчөмдө чыгымдоо,

IV категориядагы (4 же 5 жыл) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратууга же IV категориядагы (2,5 жылдан 3 жылга чейин) түзөтүү жумуштарына, же V категориядагы (2,2ден 2,6 миң эсептик көрсөткүчкө чейин) айып салууга же I категориядагы (2,5 жылга чейин) айып (600дөн 1 миң эсептик көрсөткүчкө чейин. - Kaktus.media - эск.) салуу менен I категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Ошол эле учурда, 500 миңден кем эмес сумма ири сумма болуп саналат. Бул кылмыш ишин козгоп, жашы жете электерди учкаштырып жатышат. Мен аларга ушул сумманы төлөп бергенсип.

Эми менин түшүндүрмөм:

  • мен жашы жете электерди үгүт иштерине тарткан эмесмн;
  • УКМК жашы жете электердин катышуусу менен, ата-энесинен уруксат албай туруп видеону монтаждап, Facebook'тагы түшүнүксүз аккаунт аркылуу тараткан;
  • эмне үчүн жүздөштүрүү (очная ставка) учурунда тартылган видеону жарыялашкан жок? Ал жерде өспүрүм бала менин ага акча төлөбөгөнүмдү жана ал үгүт ишине катышпаганымды айтып жатат.
  • жашы жете электерге басым көрсөтүшкөн;
  • менде шайлоо фондунан тышкары төлөгөнгө каражат жок, ири өлчөмдөгүнү айтпай эле коеюн;
  • мен бардык чыгашаны фонд аркылуу жүргүзүп жатам, ММКлар чыгаша боюнча мен төртүнчү орунда экенимди эсептеп коюшту;
  • айрым партияларга жана менин округумдагы көпчүлүк талапкерлерден айырмаланып мен үгүтчүлөргө мен салык жана социалдык төлөмдөрдү көбүрөөк төктүм.

Менин оюм боюнча, УКМК мага каршы административдик ресурсту колдонуп жатат. Садыр Жапаров да антикоррупциялык кеңеште коррупция менен күрөшүүнү талкуулай турган жерде мени сөз кылыптыр. Таза шайлоо жок. Административдик ресурс бар. Мен аны өз жонум менен сездим", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4345