Бишкектеги жаңы конуштун тургундары жол тосуп алышты. Видео
RU

Бишкектеги жаңы конуштун тургундары жол тосуп алышты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы Теңдик айылынын жана "Алтын-Казык" жаңы конушунун тургундары жолду тосуп алышкан. Алар бир нече күндөн бери үйлөрүндө жарыктын жоктугуна нааразы.

Чүй облусунун ИИБси электр энергиясынын өчкөнүнө байланыштуу эл нааразычылык акциясына чыгып, жолду тосуп алган фактыны тастыктады. Окуя болгон жерге Аламүдүн ИИБсинин милиция кызматкерлери коомдук тартипти камсыздоо үчүн жөнөтүлгөн.

Учурда милиция кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Окуя болгон жерге Чүй облусунун ИИББси жана Аламүдүн районунун ИИБси жөнөп кеткен

Видеонун автору: Элдер көчөгө чыгып, жолду тосуп салышкан. Алар эки күндөн бери электр жарыгынын жоктугуна нааразы, деп айткан.

"Түндүкэлектро" Kaktus.media'га кырдаал боюнча түшүндүрмө берди. Компания билдиргендей, абоненттер карыз болгондуктан электр энергиясы өчүрүлгөн.

Бул жаңы конушундагы жер тилкелер трансформацияланган эмес, ошого байланыштуу тургундар менен электр энергиясы менен камсыздоо боюнча түздөн-түз келишим түзүлгөн. Абонент Келдибекова Ж. бөлүштүрүүчү компания менен "топ жашоочулар" абоненти катары "тиричилик абоненти" категориясы болуп келишим түзгөн. Ага ылайык, Келдибекова колдонулган электрэнергиясы үчүн элден өз убагында акчасын чогултуп берүүгө милдеттенген.

"Карызды толугу менен төлөө боюнча бир нече жолу макулдашууга кол коюлганына карабастан ушул жылдын башынан бери карыз жабыла элек. 16-ноябрда "Түндүкэлектро" абонент Келдибекова Ж.нин электрэнергиясын өчүргөн. Карыздын жалпы суммасы 301 527 сомду түзөт", - деп компания жооп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4362