Прокурордун орун басары iPhone 13 доолаган жеринен кармалды. Видео
RU

Прокурордун орун басары iPhone 13 доолаган жеринен кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Октябрь районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаров өзүнүн районундагы милиция кызматкерлеринен iPhone 13 Pro Max опузалады деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Такталган маалыматка ылайык, 17-ноябрда УКМКнын кызматкерлери Башкы прокуратура менен опузалоо фактысы боюнча Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун орун басарын А.А.Э.ни (Алтынбек Эркинбекович Айдаров) камакка алышты.

Аныкталгандай А.А.Э. кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, укук коргоочу органдын кызматкерлеринен $5 000 доолаган.

Тинтүүнүн жүрүшүндө, прокуратура кызматкери опузалаган сумманын 200 миң сомун алганын тастыктоочу буюм жана документ жүзүндөгү далилдер табылган. Ал УКМКнын СИЗОсунун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Видеодо көрүнүп тургандай, Алтынбек Айдаров өзүнүн тартмасынан пакет чыгарып жатат, анда iPhone 13 Pro Max үлгүсүндөгү телефон бар экени көрүнүп турат.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын январь айында Бишкектин эки тургуну Октябрь районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаровдун иш аракетине арызданышкан. Алардын айтымында, ал алдамчылыкка шектелгенге жазадан жардам берүүгө жардам берип, аны жактап сот отурумуна да келип турчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4367