Дагы бир талапкер сурак берүүгө чакыртылды
RU

Дагы бир талапкер сурак берүүгө чакыртылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Жаныбек Абиров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине чакыртылды. Бул тууралуу ал өзү социалдык баракчасына жазган.

Бирок Абиров ким чакыртылганын так жазган эмес. Өзү окшойт, деген божомолдоолор бар. Абиров учурда телефон чалууларга жооп бербей жатат.

Kaktus.media редакциясына белгилүү болгондой, аны үгүт иштерине жашы жете электерди колдонду деген шек менен чакыртып, суракка алышы мүмкүн.

Эске салсак, Абиров Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болчу. Учурда №26-Ленин бир мандаттуу округу боюнча талапкерлигин коюп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМКга депутат Дастан Бекешев чакыртылган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4385