Камчыбек Жолдошбаев шайлоого катышуу укугунан ажыратылды
RU

Камчыбек Жолдошбаев шайлоого катышуу укугунан ажыратылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ атайын кызмат Жолдошбаевдин кудасын добуш сатып алуу үчүн акча тараткан деген шек менен кармаган.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаев жарыштан четтетилди. Мындай чечим 18-ноябрда БШКнын 11 мүчөсүнүн добушу менен кабыл алынды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазды.

Кечээ УКМК Жолдошбаевдин кудасы добуш сатып алууга шектелип кармалганын билдирген. Анын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөнү аныкталганы айтылган.

Бул боюнча УКМК Борбордук шайлоо комиссиясына кат жолдоп, кабардар кылган.

Аны негиз кылып БШК талапкерди шайлоого катышуу укугунан ажыратты.

Камчыбек Жолдошбаев Бишкектин Ленин округунан талапкерлигин койгон болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4387