"Түндүк электр" төлөнбөгөн карыздарды сот аркылуу өндүрүп алууну көздөп жатат
RU

"Түндүк электр" төлөнбөгөн карыздарды сот аркылуу өндүрүп алууну көздөп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Түндүк электр" сот аркылуу "Алтын-Казык" жаңы имаратынын жашоочуларынан көптөн бери төлөй элек электр энергияга болгон карызын өндүрүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына компаниядан билдиришти.

Эске сала кетсек, Алтын-Казык жаңы конушунун тургундары бир нече күндөн бери үйлөрүндө жарык жок болгонуна нааразы болуп, жолду тосуп алышкан. Абоненттердин карызынан улам электр жарыгы өчүрүлгөн.

Ишканадан билдиришкендей, бардык абоненттер биригип 302 миң сом карыз.

Биздин эсептегич ушундай сумманы көрсөтүп жатат, алардын жери трансформацияланган эмес, алар менен түз келишим түзө албайбыз. Бул жалпы сумма, мурунку карыздарын квартал сайын төлөп беришет.

Эсептегич "турмуштук абонент" категориясында абоненттик "тургундар тобу" катары катталган", - деп билдирди ААК.

Бөлүштүрүүчү компания карыз жыл башынан бери пайда болгонун жана аны төлөө боюнча бир нече жолу көрсөтмөлөр берилгенин баса белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4394