Көңүл бургрула! Эртең тарых музейи иштебейт
RU

Көңүл бургрула! Эртең тарых музейи иштебейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эртең, 22-ноябрда Улуттук тарых музейи иштебейт. Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.

Музей эртең эле келүүчүлөр үчүн жабык болот. Анткени музейдин ичинде санитардык иш чаралар жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, музей 19-ноябрда ачылган. Дем алыш күндөрү музейге кирүүнү каалагандардын саны арбын болуп, узун кезек жаралган.

Эске салсак, Тарых музей 2016-жылдан баштап жабылган. Реконструкция 2018-жылы аяктаган. Бирок, оңдоо иштерине ашыкча чыгымдарга байланыштуу кылмыш иши козголуп, ачылбай жүргөн. Ошондой эле программалык камсыздоону иштеп чыгуу үчүн кыргыз тарап германиялык компанияга 200 миң евродон ашык карыз алганы белгилүү. Иштеп чыгуучулар карыз төлөнгөндө программалык камсыздоонун ачкычтарын өткөрүп бермей болушкан. Бирок музейди реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин фонунда суроо ачык бойдон калган.

Музейдин ачылышы бир нече жолу жылдырылды. Ал ортодо музейге карыздар үчүн электр жарыгы өчүп калуу коркунучу жаралып, фасады урай баштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4415