Райымбек Матраимов уулун үйлөнттү
RU

Райымбек Матраимов уулун үйлөнттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимов уулунун үйлөнүү тоюн Sheraton отелинен өткөрдү. Бул тууралуу редакцияга бир нече булак билдирди.

Белгилүү болгондой свадьба 20-ноябрда өткөн. Саланаттуу азем тууралуу маалымат жарыяланбай, сыр сакталган болчу. Конокторго телефонго видео тартууга тыюу салынып, айрымдарынын телефондорун тойдун алдында алып коюшкан.

Маалымат булактары билдиришкендей, үлпөт тоюна бир катар саясатчылар катышкан, бирок негизги меймандар Кыргызстандын бажы кызматынын учурдагы жана мурунку кызматкерлери болчу.

Белгилүү болгондой, Райымбек Матраимовдун Бакай Матримов деген уулу уйгур бизнесмен Хабибула Абдукадырдын кызына үйлөндү. Массалык маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча той ушул жылдын жаз айларында өтүш керек болчу.

Тойго Кайрат Нуртас, "Город 312" группасы, "Ялла" группасы жана башка бир катар жылдыздар чакырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4419