ММК: Райымбек Матраимовдун уулу коррупцияга шектүү Хабибула Абдыкадырдын кызына үйлөнөт
RU

ММК: Райымбек Матраимовдун уулу коррупцияга шектүү Хабибула Абдыкадырдын кызына үйлөнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Reporter.kg жеке булактарына таянып, бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимов өзүнүн уулун уйгур бизнесмени Хабибула Абдыкадырдын кызына үйлөнтөт, деп маалымдады.

Басылманын жазган маалыматына ылайык, үлпөт той Казакстандын Алматы шаарында өтөт. Учурда даярдыктар көрүлүүдө.

Мурунку мамлекеттик кызматкердин уулу Бакай Матраимов Лондондогу жеке менчик мектепте окуган.

Хабибула Абдыкадыр - бажы кызматындагы коррупциялык схемалар боюнча иликтөөлөрдүн каарманы. Стамбулда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити, Абдыкадыр Кытайдан Өзбекстанга контрабанда жолу менен кыргыз бажысы аркылуу жүк ташыган. Бул иштер Райымбек матраимовдун колдоосу менен ишке ашырылчу, деп журналисттерге айтып берген.

Эске салсак, 20-октябрда УКМК бажы кызматынын жетекчисинин экс-орун басары Райымбек Матраимовду камакка алган. Тергөө Матраимовдун бюджетке келтирген зыяны 2 млрд сом деп баа берди. Ага жооп катары Матраимов тергөө менен кызматташып, көрсөтүлгөн сумманы төлөп берүүгө милдеттенген. Бул өтүнүч арызы Матраимов мамлекетке зыян келтирген жана коррупция менен алектенгенин моюнга алды дегендик.

КРдин Кылмыш кодексинин 319 "Коррупция" беренесине ылайык, ал 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы керек болчу. Бирок, Матраимов айып пул менен эле кутулуп кетти.

АКШнин бийлиги Райымбек Матраимовду жана анын аялы Уулкан Тургунованы Магнитский тизмесине киргизген. Кийинчерээк жубайлар фамилияларын өзгөртүп алганы белгилүү болду. Эми алар Райым Ысмайылов жана Уулкан Сулайманова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/711