"Кыргызкөмүр" ишканасы эмне үчүн азыр арзан көмүр сатылбай жатканын түшүндүрдү
RU

"Кыргызкөмүр" ишканасы эмне үчүн азыр арзан көмүр сатылбай жатканын түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбор калаанын соода түйүндөрүндө 3 миң сомдук көмүр түгөнүп, мындан ары сатылбайт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-ноябрда Бишкекке 317 тонна көмүр алынып келинген. Жакында 3000 сомдон сатыла баштайт.

"Кара-Кечеде иш кадимкидей жүрүп жатат. Учурда 3 миң сомго көмүр алууну каалаган тургундар көп. Кечээ Бишкекке 317 тонна көмүр алынып келинди", - деп белгилешти.

Ошондой эле импорттолгон көмүр чоң көлөмдө чогултулгандан бир-эки күндөн кийин сатыкка коюлары белгиленген.

"200-300 тонна көмүр тез эле сатылып кетип, көптөгөн тургундарга жетпей калды. Дагы ушундай болуп калбашы үчүн көбүрөөк чогулталы деп жатабыз. Бүгүнкү күндө дагы 707 тонна көмүр Кара-Кечеден Бишкекке жөнөп кетти", - деп кошумчалады мамлекеттик ишканадан.

Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров Кара-Кечин көмүрүн арзандатылган баада сатууну уюштуруу тапшырмасын берген. Ошондон кийин эки пункт ачылган:

  • Мурманская көчөсү 1б/1,
  • Дэн Сяопин проспектиси, 306/2а
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4460