УКМК: Талапкер үгүт иштерине шайлоо фондунан тышкаркы акча короткон
RU

УКМК: Талапкер үгүт иштерине шайлоо фондунан тышкаркы акча короткон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-ноябрда №7-Ош бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер А.Б. шайлоо боюнча мыйзамдардын нормаларын бузду делген факты аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, талапкер А.Б. түшүндүрмө берүү үчүн, УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына жиберилди.

Анын өзүнүн ишенимдүү адамдарына жана үгүтчүлөрүнө шайлоо фондунун тышында накталай акча төлөгөнү аныкталган.

Учурда керектүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, А.Б. баш тамгалары менен берилген талапкер Арзибаев Бекболот Өскөнбаевич деп көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4490