"Чүй Ынтымагынын" активисттери кармалды. Бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелүүдө
RU

"Чүй Ынтымагынын" активисттери кармалды. Бийликти басып алууга аракет кылды деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Чүй Ынтымагы" коомдук бирикмесинин активисттери Азамат Мусакеев жана Нурбек Калекеев камакка алынды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынан билдиришти.

Алардын айтымында, бүгүн, 26-ноябрда эртең менен эрте укук коргоочу органдардын кызматкерлери "Чүй Ынтымагы" жана "Эл Ынтымагы" коомдук бирикмелеридн активдүү мүчөлөрү Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев жана дагы бир нечесинин үйлөрүндө тинтүу жүргүзүшкөн.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы аймагындагы тинтүүлөрдөн кийин үй ээлери камакка алынган.

Алдын ала маалымат боюнча, камакка алынгандар бийликти басып алууга аракет кылган, деп шектелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4492