Садыр Жапаров эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенин түшүндүрдү
RU

Садыр Жапаров эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенин түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бир мандаттуу округ боюнча өз добушун Равшан Жээнбековго берген. Бюллетенди өлкө башчысы автоматтык эсептөөчү үкөккө салып жатканда сүрөткө тартып алышкан.

Президент саясатташтырбагыла, деп эскертип, өзүнүн тандоосун төмонкүчө түшүндүрдү:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Мага көптөгөн дос-тааныштарым суроо берип, айрымдары добушуңузду Равшан Жээнбековго бербестен мага берип койсоңуз эмне болот элеңиз деп таарынып жатышат.

Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек.

Ал эми эмне үчүн Равшан Жээнбековго добуш бергенимдин себеби төмөнкүчө.

Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин ахыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат.

Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экем", - деп өлко башчысы социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4558