Равшан Жээнбековдун штабы Садыр Жапаровдун добуш бергени боюнча комментарий берди
RU

Равшан Жээнбековдун штабы Садыр Жапаровдун добуш бергени боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азат Равшан, №26-Ленин округу боюнча Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлигин койгон Равшан Жээнбековдун уулу Kaktus.media редакциясына президент Садыр Жапаровдун добуш берүүсү боюнча комментарий берди. Эске салсак, бир мандаттуу округ боюнча президент өзүнүн добушун Равшан Жээнбековго бергени белгилүү болгон.

"Менин оюм боюнча, президент Садыр Жапаров добушун башка бирөөгө берсе таң калаарлык болмок. Равшан Жээнбеков акыркы 15 жылдан бери өлкөдөгү эркиндик жана мыйзамдуулуук үчүн күрөшүп келет. Президент так ушундай добуш бергенине кубанычтабыз. Тилекке каршы, бул жөн гана сырткы көрүнүш. Чынында, президент Конституциянын гаранты катары талапкерге анын конституциялык укугун колдонууга мүмкүнчүлүк берген жок. Ал шайлоого толук кандуу катышып, шайлоочулар жана ЖМК менен жолугушуусуна уруксат бербей койду", - дейт Азат Равшан.

Биз бул шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз, анткени бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлгөн жок. Атамдын түрмөдө отурганына карабастан экинчи орунда экен. Шайлоочулар менен жолугушууга мүмкүнчүлүгү болбосо да жакшы натыйжа көрсөттү.

Эске салсак, 28-ноябрда бир мандаттуу округ боюнча парламенттик шайлоо өттү. Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуялары боюнча соттолуп камакта отурат. Бирок БШК аны талапкер катары каттоого алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4560