"Ордо" партиясынын лидери кайда? Милиция издеп жатса, аялы токтотууну суранды
RU

"Ордо" партиясынын лидери кайда? Милиция издеп жатса, аялы токтотууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

29-ноябрда "Ордо" партиясынын мүчөлөрү алардын лидери Мирбек Мияров 28-ноябрда, шайлоо күнү дайынсыз жоголгонун жарыялашкан.

Какtus.media сайтына Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан маалымдашкандай, бул факты Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын журналына катталган.

Милициянын маалыматына караганда, милиция кызматкерлери партиянын штабына барышкан.

"Баштапкы маалыматтар боюнча Мирбек Мияров 2021-жылдын 28-ноябрында, саат 15:00дөр чамасында шайлоо участкаларынын биринен чыгып кеткен. Андан кийин ал унаасы менен белгисиз тарапка кетип калып, байланышка чыккан эмес", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Мындан тышкары, Мияровдун жубайы милицияга күйөөсүн издөөнү токтотууну жана эч кимге дооматы жоктугун өтүнүп кайрылган.

Бирок партиялаштары эмне болуп кеткенине кабатыр.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоого "Ордо" партиясы да катышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4565