Мирбек Мияров табылды. Партия анын кайда экенин айтып берди
RU

Мирбек Мияров табылды. Партия анын кайда экенин айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияров табылды. Бул тууралуу партиялаштары Kaktus.media сайтына билдиришти

Алардын айтымында, 28-ноябрда, добуш берүүдөн кийин Мияров тоодогу чарбагына барган. Ал жерден телефону өчүп, машинасы бузулуп калган. Аялына маалымат берүүгө гана үлгүргөн. Бирок, толук түшүндүрүүгө жетишпей калган.

"Ошондуктан, ал арыз жазган эмес. Азыр штабга келип, чоо-жайын толугураак түшүндүрүп берет", - деп билдиришти партиядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4575