Клара Сооронкулова: Жараксыз бюллетендер бийликчил партиялардын арасында чачылып жатат
RU

Клара Сооронкулова: Жараксыз бюллетендер бийликчил партиялардын арасында чачылып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 1-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын өкүлдөрү БШКда чогулушкан.

"Ата Мекен" партиясынын талапкери Клара Сооронкулова БШКнын төрайымына кайрылып жатып, ишенимди кандайдыр бир жол менен – ачык-айкын кол менен эсептөө аркылуу гана калыбына келтирүүгө боло турган учур болгонун айтты. "Бирок ал азыр жок. Ушуга байланыштуу мен сиздерге сунуштайм: шайлоо частокторунан видеолор болсо, жок дегенде аларды жайгаштырыңыз, анткени кол менен саноо принциби одоно бузулган. Кол менен саноо үзгүлтүккө учураган. Ага ишенүү болбойт", - деп түшүндүрдү Сооронкулова.

"Кечээ мен Токтогул районунун шайлоо участокторуна барып, үрөйүм учту. Анткени жараксыз бюллетендердин баары бийликчил партияларга чачып жатышат", - деди ал.

"Мынча жараксыз бюллетендерди эмне кылабыз? Кантсе да суроо туулат. Мүмкүн биздин добуштар бардыр. Арыздарды жазгыла деп жатышат. Жада калса анализге АСУнун отчеттору жок болсо, кантип арыз жазабыз. Тилек Токтогазиев туура айтты: аларды дароо эле көрсөтсө болот эле. Бизде бүткүл өлкөнү байкоочулар менен камсыздоого мүмкүнчүлүк жок болчу. Бирок, биз АСУнун отчёттору ошол замат чыга тургандыгына таяндык", - деп депутаттыкка кандидат кыжырданды.

Сооронкулованын айтымында, кечээ ал Бишкек боюнча анализ жасайын десе протоколдор жок болгон. "Эмне үчүн?" Макул региондордо көпкө узасын. Бирок, бул деген борбор да. Бардык протоколдорду бир эле учурда Бишкектеги серверге жайгаштырууга мүмкүн эле. Алар алигиче жок. Бүгүн акыркы күн, бизде талдоо үчүн материалдар жок, арыздар үчүн материалдар жок, мөөнөттөр бүтүп баратат. Анда бизге да баарын анализдеп чыгуу үчүн убакыт бергиле", - деп кайрылды Шайлдабековага.

"Урматтуу партиялаштар, изилдеп чыккыла. Жараксыз бюллетендер массалык түрдө тараылган учурлар көп болот. "Ата-Журт" партиясынын добуштары 300-400гө көбөйүп жатат. Бул добуштарды аларга ким, кандай негизде берип жатат? Мен түшүнөм. жараксыз добуштар алардын арасында таза механикалык жол менен бөлүштүрүлөт. Бирок бул процесс канчалык ачык-айкын, канчалык чынчыл жана туура жүргүзүлүп жатат? Анан кайра санап чыгууну талап кылып, бул бюллетендер туура бөлүштүрүлгөн деп ишенсек болобу? – деп жыйынтыктады Сооронкулова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4603