Бир Жапаров айтты, экинчи Жапаров жасады. ТЭЦтеги жер тилкелер мыйзамдаштырылды
RU

Бир Жапаров айтты, экинчи Жапаров жасады. ТЭЦтеги жер тилкелер мыйзамдаштырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жерлерди трансформациялоо жөнүндө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Кабыл алынган чечимге ылайык, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан жана муниципалдык менчикте турган 47,7 га жер "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулду (трансформацияланды).

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын көрсөтүлгөн жер участогуна шаар куруу документтерин иштеп чыгуу үчүн 5,0 млн (беш миллион) сом өлчөмүндө каражат бөлүүсү тапшырылды.

Белгилесек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бишкек шаарынын ЖЭБ-2 аймагында жеке турак үйлөрдү курган тургундар менен жолугушуусунда Министрлер Кабинетине жакынкы мезгилде аталган жер тилкелерин мыйзамдаштыруу тапшырмасын берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4612