Эмнеге айлык алышат? Депутат жыйындарга катышпаган кесиптештеринин атын атоону талап кылды
RU

Эмнеге айлык алышат? Депутат жыйындарга катышпаган кесиптештеринин атын атоону талап кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңешке келбеген кесиптештеринин атын чыгарууну талап кылууда. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жыл ичинде жыйынга катышпай калган депутаттар бар.

"Аларды эл шайлаган, бирок мандат алгандан кийин аларга жүктөлгөн милдеттерди, убадаларды аткарышкан эмес. Алардын атын аташ керек. Жерди уурдап, чет өлкөдө бизнестерин жүргүзүшөт. Эмнеге алар бюджеттен айлык алышат? Бирөө иштеп, мыйзамдарды кабыл алып жатса, башкасы саясый интрига менен алектенет", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4620