Dava кыргыз кыздын апасын түрмөдөн чыгарууга жардам берет
RU

Dava кыргыз кыздын апасын түрмөдөн чыгарууга жардам берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык Dava каймана аты менен таанымал рэпер жана блогер Давид Манукян Айнура аттуу кыргыз кызынын апасын абактан чыгарууга жардам берүүгө убада берди. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында видео кайрылуу аркылуу билдирди.

Кыргыз кызынын айтымында, анын апасын кимдир бирөөлөр жалган жалаа менен карызга батырып, абакка каматып жиберишкен. Эгерде келтирилген чыгымды толук төлөп берсе апасын абактан бошотушат.

Блогер видео кайрылуусунда апасынын карызын толугу менен төлөп абактан чыгарууга жардам берерин билдирди. Ошондой эле жакынкы арада кыргыз кызы менен чогуу Кыргыз өлкөсүнө келип, бир туугандары менен жолугушарын кошумчалады.

Ошондой эле Давид Манукян кыргыз кызы тууралуу жаман ойлоп, терс пикир айтып жаткандарга да кайрылды.

"Мен кыргыздарды кең пейил калк катары билем. Ал (ред.; кыргыз кызы) менин сунушума макул болду. Ал жалгыз эле мени менен барбайт. Ал жакка толук командабыз менен барабыз. Мен жаныма көптөгөн балдарды алдым. Алар эс алып келишет, ошону менен бирге мен аларга акча табууну үйрөтөм", - деди ал.

Эске салсак, Давид Манукян буга чейин Айнуранын кыялын орундатып Дубайга жолдомо алып берген. Ошондой эле Москвада курьер болуп эмгектенген Эламан аттуу кыргыз жигитке акыркы үлгүдөгү "iphone 13" смартфонун белек кылган.

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4650