"Манас" аэропортун түрктөргө сатыштыбы? Расмий комментарий
RU

"Манас" аэропортун түрктөргө сатыштыбы? Расмий комментарий

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда "Манас" эл аралык аэропортун түрк инвесторлорго сатышты деген сөздөр тарай баштаган. Мындай суроолор редакцияга да келип түшкөн.

Kaktus.kg "МЭА" ААКка чалып, бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка жакын экенин сурады.

"Манас" аэропортун эч ким эч кимге саткан эмес.

Мындай маалымат экономика жана коммерция министрлиги, "Манас" аэропортун тышкы башкарууга өткөрүп берүү долбоорунун консультанты катары эл аралык финансы корпорациясы (IFC)жактырылгандыгы тууралуу билдирүү чыккандан кийин пайда болгон.

IFC - дүйнөлүк банк тобунун мүчөсү. Бул глобалдуу өнүктүрүүнүн эң ири институту, ал өнүгүп келаткан рыноктогу жеке менчик секторго багытталган. IFC дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүндө иштеп, өзүнүн капиталын, тажрыйбасын жана таасирин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө рынокту жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө колдонот.

Аэропорт үчүн Мамлекеттик - жеке менчик өнөктөштүк (МЖӨ) долбоору 1-декабрга чейин, аэропорттун акционерлеринин кезексиз жыйынында сунушталган. Презентациянын жыйынтыгы менен министрлик жана IFC финансылык жана консултациялык кызматтарды кабыл алуу боюнча макулдашышкан.

"Коюлган милдеттенмелердин катарында техникалык, укуктук, табигый жана социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүү, финансылык анализ, инфраструктуранын диагностикасы жана келечекке жоромолдоолорду жасоо бар", - деп ведомство кабарлады.

IFC'нин эмне кереги бар?

Жүргүзүлгөн иштер квалификациясы жогору эл аралык инвестор/өнөктөш тартып келүүгө, жана региондалдык эаропортторду өнүктүрүү боюнча сунуштарды алууга көмөктөшөт.

Бүгүнкү күндө келишимдин баасы белгисиз, себеби долбоордун көлөму аныктала элек.

Эске салсак, борбордук аэропортту тышкы башкарууга эки ирет өткөрүп салууга аракет кылышкан.

  • 2013-2014-жылдары Кыргызстандын бийлиги "Манас" аэропортуна инвестор издеп жатканын жарыялаган. Реалдуу талапкерлердин бири россиялык "Роснефть" болчу. Бирок бул жарандардын нааразычылыгын жаратып, оппозиция бир нече жолу митинг уюштурган. 2014-жылдын апрель айында россиялык компания долбоордон баш тарткан.
  • TAV Airports Holding компаниясы үч ирет кызыгып жатканын билдирген. 2014, 2016, 2017-жылдары. Акыркысында компаниянын өкүлү ал кездеги премьер Сапар Исаков менен да жолугушкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4663