"Килемден өлгөнгө даярмын бирок уттурбайм". Роман Власов Акжол Махмудов менен сүйлөштү
RU

"Килемден өлгөнгө даярмын бирок уттурбайм". Роман Власов Акжол Махмудов менен сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки жолку Олимпиада чемпиону Роман Власов кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен видео байланыш аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Власов Инстаграм баракчасындагы "Stories" бөлүмүнө жазып, видеодогу сактап калган сүрөтүн жүктөдү.

"Акжол Махмудов, сенин жок деп айтпаарыңды билгем. Килемдин арстаны ар дайым чакырыктарды кабыл алат. Жакын арада биз муну жасайбыз. Килем үстүндө өлгөнгө даярмын, бирок жеңилбейм", - деп жазды Власов.

Эске салсак, Грек-рим күрөшү боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону, россиялык Роман Власов Токио оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов менен беттешүүнү каалайт. Ал видеокайрылуу аркылуу ниетин айткан.

Анын айтымында беттешти эртерээк уюштуруу керек. Анткени россиялык спортчунун килем үстүндө боло турган 3-4 жылдык эле убактысы бар.

Негизи Роман Власов кыргыз спортчуларынын ийгиликтерине көз салып турат. Мисалы октябрь айында Айсулу Тыныбекова менен чогу түшкөн сүрөтун жарыялап, "Кыргызстандын сыймыгы! Кыргыз күрөшүнун тарыхындагы алгачкы дүйнө чемиону. Олимп оюндарынын байгечиси. Темир айым", - деп жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4687