"Эртерээк". Россиялык Роман Власов Акжол Махмудовду беттешүүгө чакырды
RU

"Эртерээк". Россиялык Роман Власов Акжол Махмудовду беттешүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча эки жолку Олимпиада чемпиону, россиялык Роман Власов Токио оюндарынын күмүш байге ээси Акжол Махмудов менен беттешүүнү каалайт. Ал видеокайрылуу аркылуу ниетин айткан.

"Ал өзүнүн татыктуулугун далилдеди. Акжол менен жолугуп калсак өзгөчө кызыктуу болмок. Менин оюмча муну эртерээк уюштуруу керек. Анткени мен дагы 3-4 жыл гана күрөшөм ", - дейт Власов.

Буга Акжол Махмудов Instagram баракчасында жооп берген. "Бул беттешти көптөр күтүп жатышат. Урматтуу күрөш күйөрмандары, менин күйөрмандарым, айтсаңыздар, бул күрөш сиздер үчүн канчалык кызыктуу?",-деп кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4679