Депутаттык комиссия Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигенов боюнча чечим чыгарды
RU

Депутаттык комиссия Жээнбеков, Зулпукаров жана Жетигенов боюнча чечим чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду кылмыштуу жоопко тартуу же тим коюу боюнча атайын депутаттык комиссия түзүлгөн болчу. Алар өз ишин жыйынтыкташты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда комиссянын мүчөсү Эмиль Токтошев Kaktus.media'га айтып берди.

Анын айтымында, комиссия Жогорку Кеңеш генералдык прокурор Курманкул Зулушевке үч депутатты кылмыш жообуна тартпай эле коюну сунуштоону чечкен.

Бул чечимдин алдында комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшкан. Ал парламентте каралуу үчүн киргизилген.

Эске салсак, эгер Жогорку Кеңеш кылмыш жообуна тартпай эле кою чечимин чыгарса камакка алынгандар бошотулат, деп генералдык прокуратура билдирген болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4693