Акылбек Жапаров менен Асылбек Жээнбеков кудалашабы?
RU

Акылбек Жапаров менен Асылбек Жээнбеков кудалашабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештиин экс-спикери Асылбек Жээнбеков менен жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун үй бүлөлөрү кудалашабы? Кечээ социалдык тармактарда Жапаровдун уулу менен Жээнбековдун кызынын тою 20-декабрга белгиленди, деген маалымат чыкты.

Kaktus.media парламенттин депутаттарга кайрылып, алар той жөнүндө укту бел деп сураштырды.

Бир нече депутат Асылбек Жээнюеков менен Акылбек Жапаровдун балдары эки жыл мурун эле Сооронбай Жээнбеков президент болуп турган кезде үйлөнөбүз деп жүрүшкөнүн айтып берди.

"Бирок Жээнбековдордун үй бүлөсү каршы чыгып, Жапаровдорду теңине албай койгон. Ошондуктан жаштар үйлөнбөй калышкан. Эми азыркы тапта ойлору өзгөрсө керек", - деп депутаттар айтып беришти. Бирок той жакынкы күндөрү боло турганын көпчүлүгү билбептир.

Дагвы бир депутаттын айтымында, ушунча убакыттан бери саясатчылардын балдары сүйлөшүп жүрүшчү, "бирок Асылбек Жээнбеков камактан чыккандан кийин той өткөрүлөт деп ойлогом" деди.

Так эмес маалыматтар боюнча баланын аты Максат, ал эми кыздын аты Бегимай.

Эске салсак, Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча камакка алынган. Учурда ал УКМКнын СИЗОсунда отурат.

Белгилей кетчү жагдай, Жээнбековдун уулу Нооруз 2018-жылы Нуриза Тагаева деген кызга үйлөнгөн. Жаш үй бүлө бир кыздуу болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4689