Ата-энеси өзүм билемдик менен укол сайып, дарылоо баланын өлүмүнө алып келди
RU

Ата-энеси өзүм билемдик менен укол сайып, дарылоо баланын өлүмүнө алып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бала өз алдынча дарылангандыктан оор абалда Бишкектеги балдар ооруканасына жеткирилген. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, жети жаштагы баланы Нарын шаарындагы дарыгерлер текшерип, диагнозун коюшкан. Бирок, эмнегедир баланын ата-энеси менен чоң энеси өздөрү дарылоону башташкан – дарыгерлердин макулдугусуз эле ийне сайып, дары-дармектерин беришкен.

"3-декабрда бала оор абалда Бишкектеги №3-балдар ооруканасына жеткирилип, дарыгерлер жардам көрсөтүүгө аракет кылышкан. Ал эми 5-декабрда баланын ден соолугу начарлап, жүрөгү токтоп калгандыктан каза болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4708