Ангела Меркель пенсияга чыккан алгачкы күнү эле көпчүлүктү таң калтырды
RU

Ангела Меркель пенсияга чыккан алгачкы күнү эле көпчүлүктү таң калтырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Германиянын экс-канцлери Ангела Меркель пенсияга чыккандан кийинки алгачкы күнүн супермаркетте соода кылуу менен өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Ангела Меркель таң эрте саат 08:30 чамасында жол тыгынына карабастан кеңсесине барган. Андан соң супермаркетке барып соода кылган. Экс-канцлерди супермаркетте жан сакчы коштоп жүргөнүн, бирок ал азык-түлүк салуучу арабаны өзү түртүп жүргөнүн жазды басылмалар.

Ал буга чейинки маектеринин биринде кызматын тапшырган соң уктап эс аларын билдирген.

Эске салсак, Ангела Меркель канцлердик кызматын 8-декабрда Олаф Шольцго тапшырып берген. Ал бул кызматты 16 жыл аркалады (2005-2021-жылдары).

Маалымат super.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4733